Час с руководителем

Башкы Жаңылыктар

Час с руководителем

Image

Окуу жайда "Жетекчи менен бир саат"  долбоорунун кезектеги иш-чарасы уюштурулду. Кеченин бул жолку коногу ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков болду. Иш-чаранын башталышында ректор окуу жайдын акыркы ийгиликтери, алдыга койгон максаты жана планы тууралуу мааламыт берүү менен биргеликте студенттерди ар тараптан колдоорун айтып өттү. Долбоордун негизги максаты ар бир айда студенттер менен ректоратта, деканатта иштеген агай эжекелердин ортосунда баарлашуу уюштуруу болуп саналат. Мында студенттер конок болуп келген сыймыктуу агай-эжекелердин  ийгиликтерин угуп, суроолоруна жооп алышат.
Жолугушууда  студенттер факультеттериндеги  көйгөйлүү масалелерин айтып, суроолорду узатышты. Андан соң индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери тарабынан иштелип чыккан стартап долбоорлору  презентацияланды.  Бул иш чара Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчы апараты тарабынан уюштурулду. Ал эми долбоорго коноктор жалпы студенттердин сунушу боюнча келет.

Фото галерея