ОшМУнун ENACTUS командасы Кыргызстандын улуттук чемпионатына катышат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ENACTUS командасы Кыргызстандын улуттук чемпионатына катышат

Image

Улуттук чемпионатка жөнөп жаткан команданы окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков кабыл алды. Жолугушууда  Кыргызстанда ишкердикти, бизнести өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан команда бизнес долбоорлорун презентация кылышты. Жаңы идея, жаңы дем менен өлкөбүздөгү ишкердиктин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан жигердүү жаштардын ишине ийгилик каалап, Улуттук чемпионатта окуу жайдын намысын татыктуу коргоого чакырды.

ОшМУнун ENACTUS командасы Борбордук Азиянын чемпиону, эки жолу Кыргызстандын Улуттук чемпиону,  7 жолу вице-чемпиону болгон. Команда дүйнөлүк кубокто Кытайдын Пекин шаарында, Канаданын Торонто шаарында Кыргызстандын намысын коргогон.  

“ОшМУнун ENACTUS командасында учурда 30дан ашуун студент бар. Ушул жылдын 11-июнунда  Президенттин катышуусунда  Бишкек шаарында өтүүчү Улуттук чемпионатка  катышып жатабыз. Бул долбоорлор аркылуу команда муктаж адамдарды бизнес кылууга үйрөтүп, көмөктөшөт. Студенттик курактан эле бизнес долбоорлорун, бизнес пландоону, келечекте өзүнүн өндүрүшүн ийгиликтүү сатууну үйрөнүшөт”,-деди команданын академиялык эдвайзери Эрлан Камалов.

 ОшМУнун ENACTUS командасы 1998-жылдан бери ийгиликтүү иштеп, жыл сайын жаңы студенттер менен курамын толукталып келет. Бул жылдар аралыгында 100гө жакын бизнес долбоорлорун иштеп чыгышкан.

 

 

Фото галерея