Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин кезектеги тренинг-семинарлары өткөрүлдү

Башкы Жаңылыктар

Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин кезектеги тренинг-семинарлары өткөрүлдү

Image

2022-жылдын 2-12-июнь күндөрү Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин “Илимий-изилдөө иштеринин методологиясы” аталышында семинар-тренингдеринин цикли өткөрүлдү. Семинарга 150дөн ашуун аспиранттар, окутуучулар жана магистранттар катышышты. Семинарды окуу жайдын Аспирантура бөлүмү уюштурду.

Иш-чарада окуу жайдын окумуштуулары илимий-изилдөө иш-аракеттерин уюштуруунун негизги эреже-талаптары, илимий эмгектерди даярдоо жана басылмаларга жарыкка чыгаруу, дүйнөлүк илимий коомчулукка интеграциялануу маселелери, илимий кызматкерлерди китепканалык жактан тейлөөнүн оптималдуу формалары, диссертация жазуу жана аны коргоого сунуштоо маселелери, гранттарды алуу үчүн долбооролорду түзүү жана аны ишке ашыруунун жолдору боюнча баяндамалар  жасалды жана заманбап, интерактивдүү технологияларды колдонуу менен  тренингдер өтүлдү.  Илимдин тарапкерлери активдүү катышуу менен өздөрүнүн түрдүү суроолоруна жоопторду алышты. Семинар университеттин “Ак-Буура” эс алуу аймагында жана башкы имараттын, борбордук китепкананын залдарында өттү.

Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин семинар-тренингдери Аспирантура бөлүмү тарабынан системалуу өткөрүлүүчү салттуу жана максатка ылайыктуу иш-чара болуп эсептелет.

Фото галерея