Опера ырчысы Н. Абдигапаров ОшМУда обон созот

Башкы Жаңылыктар

Опера ырчысы Н. Абдигапаров ОшМУда обон созот

Image

ОшМУнун Искусство факультетинин сыймыктуу бүтүрүүчүсү, жаш опера ырчысы Нуртилек Абдигапаров 16-июнда “Акындын сүйүүсү” атуу жеке концертин өткөрөт.

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүсү,  Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин кызматкери  Нуртилек Абдигапаровдун концерти 16-июнь, саат 15-00дө окуу жайдын башкы имаратындагы чоң залда өтөт.

Ыр күйөрмандарын кечеге келип, руханий азык алып, музыка дүйнөсүндө чөмүлүп кетүүгө чакырабыз.