"ОшМУ- университет" клубу Кыргызстандын чемпиону болду

Башкы Жаңылыктар

"ОшМУ- университет" клубу Кыргызстандын чемпиону болду

Image

"ОшМУ- Университет" кыз-келиндер волейбол клубу Кыргызстандын  XIV ачык чемпионатын жеңди. Финалдык беттештерде оюнчулар “Улар”  клубун 3-0 эсебинде, “Салам Алик” клубун 3-1 эсебинде, “Дордой” клубун  3-2 эсебинде жеңип, чемпион болду.  

"ОшМУ- университет" кыз-келиндер волейбол клубу 2020-жылы түзүлгөн. Өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз волейбол клуб болуп саналат. Учурда волейбол клубунда окутуучулардан жана студенттерден тандалып алынган 16 спортчу бар.

Клубдун президенти – ректор Кудайберди Кожобеков.

Башкы машыктыруучу – Нурзат Исмаилова.

Машыктыруучунун жардамчысы -  Уланбек уулу Курсант.

"ОшМУ- университет" кыз-келиндер волейбол клубунун жалпы курамын окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз!

Фото галерея