Студенттер “Fashion Week Kyrgyzstansstan 2022” жаз-жай көргөзмөсүндө ийгилик жаратты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер “Fashion Week Kyrgyzstansstan 2022” жаз-жай көргөзмөсүндө ийгилик жаратты

Image

Кыргызстандын фэшн-дизайнерлеринин Ассоциациясы Швейцария өкмөтүнүн GTEX программасынын жана ITC эл аралык соода борборунун колдоосу менен “Fashion Week Kyrgyzstansstan 2022” жаз-жай көргөзмөсүн өткөрдү.
Мода жумалыгынын ачылышында жаш дизайнерлердин "The Next fashion" сынагы болду. Бул жаш дизайнерлердин "Русский силуэт" ири эл аралык сынагынын улуттук тандоо туру болуп саналат. "The Next fashion" КМШ өлкөлөрүндө жана анын чегинен тышкары жерлерде жаш дизайнерлер үчүн эң мыкты профессионалдуу тепкич катары эсептелет.
ОшМУнун Искусство факультетинин Дизайн жана текстиль жана костюм искусствосу багыттарынын студенттери бул конкурска ийгиликтүү катышып байгелүү орундарды багындырды.  Мындан сырткары жаш дизайнерлердин "Русский силуэт" ири эл аралык сынагына жолдонмо алышты. 
Баш байгени “Комбинация” коллекциясы менен 4-курстун студенти Айзирек Нурканова алды. Анын жетекчиси Дизайн кафедрасынын улук окутуучу Акинай Кушбакова.
1 орунду “Альтерн” коллекциясы менен 4 курстун студенти Кызбурак Советбек кызы ээледи. Жетекчиси Дизайн кафедрасынын окутуучу Адина Абдыжапар кызы. Дизайн кафедрасынын окутуучу Адина Абдыжапар кызынын жетекчилигинде “Баргегче” коллекциясы менен Уркия Бактыбек кызы да 1 орунга жетишти.

Фото галерея