Волейбол: "ОшМУ- университет" экинчи орун

Башкы Жаңылыктар

Волейбол: "ОшМУ- университет" экинчи орун

Image

"ОшМУ- Университет" волейбол клубу Кыргызстандын XIV ачык чемпионатында экинчи орунду ээледи.

 Финалдык беттештерде оюнчулар “Алай-Датка" клубун 3:0 эсебинде, "Кадамжай" клубун 3:0 эсебинде жеңип, чемпиондук үчүн “Отор” клубу менен өткөн мелдеш 2:3 эсеби менен жыйынтыкталды.  Волейбол боюнча эркектер арасындагы Кыргызстандын XIV ачык чемпионатында "ОшМУ- университет" волейбол клубунун капитаны Өмүр Жунусов “Мыкты оюнчу” деп табылды.

“ОшМУ-Университет" волейбол клубунун жалпы курамын окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз!

Клубдун президенти - ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Клубдун жетекчиси - Бакытбек Кулуев.

Клубдун машыктыруучу-оюнчусу - Тайирбек уулу Эрлан.

Клубдун капитаны - Жунусов Өмүр.

"ОшМУ-Университет" волейбол клубу 2019-жылы негизделген.

Буга чейин "ОшМУ-Университет" кыз-келиндер волейбол клубу Кыргызстандын  XIV ачык чемпионатындагы финалдык беттештерде “Улар”  клубун 3-0 эсебинде, “Салам Алик” клубун 3-1 эсебинде, “Дордой” клубун  3-2 эсебинде жеңип чемпион болгон.

Фото галерея