Индия өлкөсүнүн маданияты, тарыхы камтылган сүрөт көргөзмө ачылды

Башкы Жаңылыктар

Индия өлкөсүнүн маданияты, тарыхы камтылган сүрөт көргөзмө ачылды

Image

ОшМУга иш сапары менен келген Индиянын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Раджеш Кумар ректор  Кудайберди Кожобеков  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурда университетте билим алып жаткан  индиялык студенттерге түзүлгөн шарттар боюнча айтып, ITEC алмашуу программасынын алкагында ишке ашып жаткан кызматташтыктарга токтолду. Андан сырткары эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда окутуучуларды, студенттерди академиялык алмашуу, билим берүү программалары аркылуу кызматташуу багыттарында пикир алышты.

Окуу жайдын башкы имаратында уюштурулган “Индия Кыргыз Республикасында – Индиядагы жашоонун жана искусствонун көргөзмөсү” деген аталыштагы Индиянын тарыхы, маданияты, архитектурасына арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылышына катышты.

Фото галерея