ЖРТнын жыйынтыгы чыкты

Башкы Жаңылыктар

ЖРТнын жыйынтыгы чыкты

Image

2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Быйыл эң жогорку балл - 235. Аны Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды.

Экинчи орунду 231 балл менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Артём Марченко, үчүнчү орунга 228 балл менен Бишкек шаарындагы К. Скрябин атындагы №28 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров ээ болду.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалымат баракчасына жарыяланды.

Алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси https://edu.gov.kg/posts/613/

Эскертүү: 24-25-июнда өткөн тестирлөөнүн 3-этабынын жыйынтыгына жараша тизме толукталуусу мүмкүн.