КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Турдалы Оморов “Эң мыкты калыс” наамына татыды

Башкы Жаңылыктар

КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Турдалы Оморов “Эң мыкты калыс” наамына татыды

Image

Бишкек шаарында  2008-2009-жылдары  туулган  өспүрүмдөр  арасында бокс боюнча биринчилик болуп өттү. Биринчиликте  Ош  шаарынын  курама  командасы  жалпы  командалык  эсепте     1 -  орунду  багындырды.

Аталган мелдеште ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин спорттук жана улуттук оюндар кафедрасынын доценти, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Турдалы Оморов “Эң  мыкты  калыс” наамына татыды.

Кыргыз Республикасынын чемпионаты Бишкек шаарында 22-27 июнь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өттү.

Сыйлык ээси Турдалы Оморов КРнын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу жана бокс боюнча AIBAнын эл аралык даражадагы калысы.

Фото галерея