“Ден соолук” спартакиадасында ОшМУнун намысын коргогондор сыйланды

Башкы Жаңылыктар

“Ден соолук” спартакиадасында ОшМУнун намысын коргогондор сыйланды

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын доценти, 77 жаштагы спортчу, окутуучу Адылбек Салибаевге окуу жайдын параддык спорттук формасын тапшырды. Буга чейин ОшМУ “Ден соолук” спартакиадасына катышкан бардык спортчуларга окуу жайдын эн белгиси түшүрүлгөн бирдиктүү форма тапшырган.
Бул саамалык Ысык-Көл жээгинде 21-27-июнь күндөрү өткөн “Ден соолук” спартакиадасында окуу жайдын намысын коргогон командаларды сыйлоо аземинде болду. 
“Ден соолук” спартакиадасында ОшМУнун командалары жалпы эсеп боюнча I орунду багындырып, чемпион болушту. Мелдештерге катышкан жалпы 14 команданын ичинен 11 команда байгелүү орундарга ээ болуп,  ОшМУнун ректору К. Кожобеков КРнын Улуттук Олимпиадалык комитетинин Ардак Грамотасы менен сыйланды. 
Иш-чаранын алкагында окуу жай жетекчиси 1-2-3-орундарды ээлеген бардык команда мүчөлөрүн куттуктады.

Фото галерея