Эрбол Келдибаев республикалык кытай ырларын аткаруу сынагында жеңүүчү болду 

Main Events

Эрбол Келдибаев республикалык кытай ырларын аткаруу сынагында жеңүүчү болду 

Image

Кытай ырларын аткаруу боюнча жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өткөн республикалык сынакта ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Эрбол Келдибаев жеңүүчү аталды. 

Ал сынакта «Жаш кезиңдеги сен» аттуу кытай ырын аткарып, калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду.

Ошол эле сынакта факультеттин дагы бир студенти Муса Азаматбек уулу  экинчи орунду багындырды. Ал эми Муслима Жамалидинова сахнадагы ишенимдүү аткаруусу жана чыгармачылык чеберчилиги үчүн «Мыкты аткаруу» номинациясына ээ болду. 

Сынак 12-декабрда Бишкек гумантитардык университетинде өтүп, ага өлкөдөгү Конфуций институттарынын студенттери катышты. Жеңүүчүлөр дипломдор жана атайын белектер менен сыйланышты. 

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинде студенттердин ар тараптуу билим алуусу менен катар чыгармачылык жактан өнүгүүсү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Алсак, гуджун музыкалык аспабын үйрөнүү, кунг-фу, каллиграфия, иероглиф жазуу жана бий ийримдери иштеп келет.

 

Photogallery