ОшМУнун дене тарбия факультетинин деканын шайлоо өтөт

Башкы Жарыялар

ОшМУнун дене тарбия факультетинин деканын шайлоо өтөт

“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” жобосуна ылайык ОшМУнун дене тарбия  факультетинин деканын шайлоо өткөрүү боюнча ректордун  №5809-ФХД/22 буйругунун негизинде, уюштуруу комитети түзүлдү.

Уюштуруу комитетинин төрайымы ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору, профессор  Таасилкан Жумабаева.
Факультеттин деканын шайлоо боюнча курамда ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.Турдубаева, ОшМУнун чет өлкөлүк студенттер менен иштөөчү юристи М.Б.Кушубакова, Дене тарбия факультетинин спорттук жана улуттук оюндар кафедрасынын профессору Т.Оморов,  аталган факультеттин профбюро төрагасы С.А.Сабиров, факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу Т.Ш.Даминов  бар.

 Комиссиянын чечимине  ылайык 2022-жылдын 7-декабрында ОшМУнун педагогика жана психология факультетинин декандык кызмат орунга конкурстук шайлоо болот. Талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор, талапкерлердин арыздары жана талап кылынуучу документтер 2022-жылдын 3-декабры, саат 12:00гө чейин ОшМУнун башкы корпусунун 128-каанасында кабыл алынат.

Декандык кызматка көрсөтүлгөн же өзүн-өзү көрсөткөн кызматкерлерге коюлган талаптар:

(жогорку квалификациялуу, тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы окумуштуулук даражасы жана наамы бар, илимий –педагогикалык жана уюштуруучулук ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбалуу адистер болушу зарыл).

 

Дене тарбия факультети. Буйрук