Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

Башкы Жарыялар

Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн сонун мүмкүнчүлүк!

Сизде креативдүү инновациялык бизнес-идея барбы? Стартап долбооруңузду ишке ашырууну каалайсызбы?  Өз бизнесиңизди баштоону каалайсызбы? Же иштеп жаткан бизнесиңизди кеңейтүүнү эңсеп жүрөсүзбү?

Анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

Ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнүн сырлары, инвестиция тартуу, СММ жана маркетинг сыяктуу темаларды өзүнө камтыган бизнес тренингке чакырабыз.

Окутуулар Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн 5-декабрдан 12-декабрга чейин Ош шаарында өтөт!

Тренингдин аягында эң мыкты деп табылган 2 бизнес-идеяга / бизнеске долбоор тарабынан 2 000$ АКШ доллардан грант берилет.

Тренинг Ош мамлекеттик университетинин студенттерине гана ачык.

Орундар чектелген, андыктан катышууга катталыңыз.

Катышуу үчүн катталыңыз: https://forms.gle/vfmS9tbzAgVyXTZT6

Катталуунун акыркы мөөнөтү 3-декабрь!

Тренингге катышуу 100% бекер

Сурап билүү үчүн 0772 750 705 (Эрлан),  0550 085 530 (Айтмамат) номерлерине кайрылсаңыз болот.

Тренинг USAID жана Ага Хан Фондунун биргелешкен «Жергиликтүү өнүгүү» долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университетинин Жаштар Бизнес Паркы менен биргеликте ишке ашырылып жатат.