ОшМУда математика жана так илимдердин орус жумалыгы өтөт

Башкы Жарыялар

ОшМУда математика жана так илимдердин орус жумалыгы өтөт

23-24-октябрь күндөрү ОшМУда математика жана так илимдердин орус жумалыгы өтөт. 

 Орусиянын математика жана так илимдер жумалыгын өткөрөт. Бул иш-чара Россотрудничествонун «Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары үчүн орус тилинде жана предметтик мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү» грантын ишке ашыруунун алкагында уюштурулат.

ОшМУ биринчилерден болуп Кыргызстандын түштүгүнүн үч шаарында (Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя) мектеп окуучулары жана предметтик мугалимдери үчүн 6 күндүк математика боюнча («Математиканын кызыктуу дүйнөсү»), физика («Колдонмо физиканын кызыктуу дүйнөсү») жана информатика («Виртуалдык дүйнө») боюнча жана жогорку класстын окуучулары үчүн лекциялар, практикалык сабактар ​​ишке ашырылат. 

Буга катар эле үч багытта: физика, математика жана информатика боюнча предметтерин окутуу жаатында кесиптик компетенцияларды жогорулатууга багытталган предметтик мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары да орун алат.

Долбоор Илим жана техниканын декадасынын алкагында ишке ашырылып жатат жана орусиялык билим берүүнү чет өлкөлөрдө жайылтууга, ошондой эле орус тилин үйрөнүүгө көмөк көрсөтүүгө жана орусиялык окутуучуларды чет өлкөлөргө жөнөтүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу чет мамлекеттердеги орус мектептерине колдоо көрсөтүүгө багытталган окуу-методикалык жана тарбиялык иш-чаралардын негизин түзөт. 

 Бул долбоор билимдүү жаштарды Орусиянын ЖОЖдорунун бакалавриат программаларына гранттык окууга тартууга жардам берет.