Түркиянын Сивас Жумхурийет университети алмашуу программасына кабыл алууну баштады

Башкы Жарыялар

Түркиянын Сивас Жумхурийет университети алмашуу программасына кабыл алууну баштады

Түркиянын Сивас шаарындагы Жумхуриет университети 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестрине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча студенттерди кабыл алууну  баштады. Документтер медицинадан башка бардык багыттарга жана профилдерге кабыл алынат. Орундардын саны чектелген.

Негизги шарттары:

1. Түрк тилин В2 деңгээлинде билүү;

2. Окутуу бекер;

3. Жатакана берилет (айына 60 доллардан төлөнөт);

4. Жол кире жана башка чыгымдар студенттин эсебинен;

5. https://www.cumhuriyet.edu.tr/   сайтынан университет тууралуу маалымат ала аласыз. 

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 10.01.2024

Программанын координатору: ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Айнура Кулназарова.

Биздин дарек: ОшМУнун борбордук китепканасы, 302 каана.

Болжол: ОшМУнун башкы имараты

e-mail: akulnazarova@oshsu.kg