Ош декларациясынын алкагында ички мобилдүүлүк боюнча төмөнкү ЖОЖдордон билим алып келүүгө болот:
Бишкек шаары:
- Кыргыз улуттук университети.
- Кыргыз мамлекеттик университети.
- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.
- Манас-Түрк университети.
- Бишкек мамлекеттик университети.
- Кыргыз-Россия Славян университети.
- Кыргызстан эл аралык университети.
- Кыргыз экономикалык университети.
- Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети.
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы
- Т. Эрматов атындагы Бишкек музыка-педагогикалык коллежи
- Бишкек медициналык коллежи ж.б.
Региондор:
- Ысык-Көл мамлекеттик университети.
- Талас мамлекеттик университети.
- Нарын мамлекеттик университети.
- Жалал-Абад мамлекеттик университети.
- Баткен мамлекеттик университети.
- Кыргыз-Өзбек эл аралык университети ж.б.
Аталган окуу жайларда студенттер менен магистранттар күзгү семестрди оффлайн режиминде окуп келсе болот. Алардын факультеттери жана адистиктери боюнча маалыматты сайттарынан ала аласыздар.
Кабыл алуу 20-сентябрга чейин жүрөт.
Берилген орундардын саны ар бир ЖОЖдон – 5.
2-3-4-курстун студенттери жана магистранттар катыша алат.
Окуу акысыз, жатакана боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Калган чыгымдар студенттердин өздөрүнөн болот.
Биздин дарек: Кыргыз-Европа факультети, 203-кабинет. Байланыш үчүн телефондор: 0772 45-71-19 (ватсап), 0500 45-71-19, 0559 03-03-87.