“Менин өлкөм - менин үй-бүлөмдөн башталат” аттуу үй-бүлөлүк фото баян сынагы жарыяланат

Башкы Окуялар

“Менин өлкөм - менин үй-бүлөмдөн башталат” аттуу үй-бүлөлүк фото баян сынагы жарыяланат

Image

 

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана ОшМУнун 85 жылдыгына карата, КРдин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “КУЧАК” долбоорунун  алкагында  үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында ОшМУнун студенттери жана окутуучулары арасында “Менин өлкөм - менин үй-бүлөмдөн башталат” аттуу үй-бүлөлүк фото баян  сынагы жарыяланат.  

 

Кароо-сынак  ОшМУнун журналистика кафедрасы  тарабынан өткөрүлүүдө.

 

Конкурстун шарттары:

 

Катышуучулар 24-майга чейин бактылуу үй-бүлөлүк сүрөтү менен катыша алат.

 

Конкурстун жыйынтыгында мыкты деп табылган сүрөттөр 2-июнда өтүлүүчү облустук деңгээлдеги фото көргөзмөдө сыйланат.

 

Сурап билүү үчүн : 0777 745663  0778 735000