ОшМУда Шухрат Орифтин кыргызчага которулган «44-күз» китеби таанытылды

Башкы Окуялар

ОшМУда Шухрат Орифтин кыргызчага которулган «44-күз» китеби таанытылды

Image

21-апрелде Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) өзбек акыны Шухрат Орифтин кыргыз тилине которулган «44-күз» аттуу китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун өкүлдөрү, Өзбекстан Жазуучулар союзунун жетекчилиги, ЖОЖдордун окутуучулары, чыгармачыл интеллигенция, студенттер катышты. Таанытымдын алдында коноктор университеттин башкы корпусунун алдындагы «Достук» көргөзмөсү менен таанышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында Өзбекстанда ОшМУнун «Ч. Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты» борбору, ал эми ОшМУда «Өзбек тили жана маданияты» борбору иштеп жатканын белгиледи. Ал бул борборлор билим жана илим менен катар эки элдин маданий байланышын бекемдеп, иш-чараларды уюштурууга салым кошуп жатканын айтты.

Султан Раев ОшМУнун чоң актылар залы кыргыз классиктери менен интеллигенциянын жолугушуусуна күбө болгон руханий борбор экенин белгилеп, китептин таанытымы дал ушундай мааниси терең жерде өтүп жатканы кубанычтуу экенин айтты. Жолугушууда Шухрат Ориф окурмандар менен баарлашып, чыгармачылык изденүүлөрү, поэзияга көз карашы, жаңы китеби тууралуу айтып берди.

45 жаштагы Шухрат Ориф Фергана облусунда төрөлгөн. Ал Өзбекстан Жазуучулар союзу жана ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Чыгармалары англис, түрк, азербайжан, түркмөн, казак, кыргыз, орус жана уйгур тилдерине которулган. «Шухрат» медалы, «Достук» ордени менен сыйланган.

Эске салсак: 2025-жылдын ноябрь айында Ташкенттеги Алишер Навои атындагы Өзбекстандын улуттук китепканасында ОшМУнун кызматкери, кыргыз акыны Мелис Маматжановдун өзбекчеге которулган «Дарексиз дүйнө» аттуу ыр жыйнагынын бет ачары өткөн.

 

Фото галерея