ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы менен Жашыл экономика жана тобокелчиликтерди башкаруу илимий-изилдөө институтунун уюштуруусунда 12–13-июнь күндөрү «Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрү жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Илимий иш-чара Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июнундагы №454-т тескемеси менен бекитилген «2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын» адал туризмди өнүктүрүүгө арналган багыттарын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Конференцияга Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Алардын катарында Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин, Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин, Бабур атындагы Андижан мамлекеттик университетинин, Кокон мамлекеттик университетинин, Шахрисабз мамлекеттик педагогикалык институтунун, Бухара мамлекеттик техникалык университетинин жана Навои мамлекеттик тоо-кен жана технологиялар университетинин окумуштуулары менен адистери болушту.
Пленардык жыйында профессор Абдурашит Низамиев, доцент Калыбек Самиев, ошондой эле улук окутуучулар Жыпар Шерматова жана Жанарбек Султанов адал туризмдин учурдагы абалы, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана тармактагы актуалдуу көйгөйлөр боюнча илимий баяндамаларды жасашты.
Баяндамалардын алкагында талкуулар уюштурулуп, катышуучулар тарабынан пикир алмашуулар жүргүзүлдү. Конференциянын жыйынтыгында өлкөдө адал туризмди өнүктүрүү, тиешелүү инфраструктураны жакшыртуу, региондордо жайылтуу жана туризмдин башка түрлөрү менен интеграциялоо боюнча сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды.
Илимий иш-чаранын практикалык бөлүгү Алай районундагы «Кайыңды» туристтик зонасында улантылды. Анда катышуучулар үчүн адал туризмди уюштуруу жана тейлөө боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, адал туризмдин негизги талаптарын сактоо жана эл аралык тажрыйбаларды колдонуу маселелери боюнча маалыматтар берилди.