КАБЫЛ АЛУУ: ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежи кандай адистиктерди даярдайт?

Башкы Жаңылыктар

КАБЫЛ АЛУУ: ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежи кандай адистиктерди даярдайт?

Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык коллежи өлкөнүн жана региондун социалдык-экономикалык муктаждыктарына жооп берген, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон орто кесиптик адистерди даярдоочу заманбап билим берүү мекемеси.

Коллеж өз ишмердүүлүгүн сапаттуу кесиптик билим берүүгө, студенттердин компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана улуттук, эл аралык стандарттарга жооп берген адистерди даярдоого багыттайт.

Коллеждин негизги максаты – кесиптик көндүмдөргө ээ, атаандаштыкка жөндөмдүү, эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоо жана кызыктар тараптардын талаптарын канааттандырган билим берүү мекемеси катары өнүгүү.

Бүгүнкү күндө коллежди философия илимдеринин кандидаты, доцент Мирланбек Манашов жетектейт.

ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Багыты/адистиги

ЖРТ кошумча предмет

Окуу формасы

Окуу мөөнөтү

Эскертүү

Орто кесиптик билим берүүчү адистиктер

Башталгыч класстарда окутуу

11-кл. базасы  ЖРТ жыйынтыгы менен кабыл алынат

9-кл. базасында

11-кл. базасында

2 жыл 10 ай

1 жыл 10 ай

 

Мектепке чейинки билим берүү

11-кл. базасы ЖРТ жыйынтыгы менен кабыл алынат

9-кл. базасында

11-кл. Базасында

2 жыл 10 ай

1 жыл 10 ай

 

Дене тарбия

ЖРТ милдеттүү эмес (кирүү экзамендери алынат)

9-кл. базасында

11-кл. базасында

2 жыл 10 ай

1 жыл 10 ай

 

Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык жабдуу (ПОВТАС)

11-кл. базасы ЖРТ жыйынтыгы менен кабыл алынат

9-кл. базасында

11-кл. базасында

2 жыл 10 ай

1 жыл 10 ай

 

Дизайн

ЖРТ милдеттүү эмес (кирүү экзамендери алынат)

9-кл. базасында

11-кл. базасында

2 жыл 10 ай

1 жыл 10 ай

 

Тигүү буюмдарын моделдөө, конструкциялоо жана технологиясы 

ЖРТ милдеттүү эмес (кирүү экзамендери алынат)

9-кл. базасында

11-кл. базасында

3 жыл 6 ай

2 жыл 6 ай

 

Социалдык иш

11-кл. базасы  ЖРТ жыйынтыгы менен кабыл алынат

9-кл. базасында

11-кл. базасында

2 жыл 10 ай

1 жыл 10 ай

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эмне үчүн Индустриалдык-педагогикалык коллежди тандоо керек?

• Заманбап материалдык-техникалык база;
• Компетенттүүлүккө негизделген билим берүү;
• Дуалдык жана жумушчу орунда окутуу элементтери;
• Алдыңкы тажрыйба борборунун мүмкүнчүлүктөрү;
• Иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташтык;
• Студенттердин практикадан өтүүсүнө жана жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү;
• Кесиптик жана инсандык өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр.

2018-жылы коллеж Билим берүү жана илим министрлигинин «Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү» программасынын пилоттук окуу жайларынын катарына кирип, анын алкагында Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн.

Алдыңкы тажрыйба борбору – эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп берген, инновациялык билим берүү технологияларын колдонгон жана жогорку сапаттагы адистерди даярдоого багытталган билим берүү чөйрөсү.

Индустриалдык-педагогикалык коллежи – сапаттуу билимге жана ийгиликтүү келечекке карай ишенимдүү кадам!

ОшМУ жөнүндө жана абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды төмөндөгү байланыш булактары аркылуу сурап, биле аласыздар:

Негизги телеграм канал: https://t.me/oshstateuni

Инстаграм баракчабыз: @oshsu.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/@oshsu85

Сайт: www.oshsu.kg

Телефон: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

WhatsApp: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

Telegram: +996 770 11 11 10, +996 554 87 66 87

 Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Алымбек датка көчөсү 331,

Кабыл алуу комиссиясы: ОшМУнун башкы корпусу, 137-каана

 

 

Фото галерея