Ысык-Көлдө өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери арасында өткөн «Ден соолук – 2026»спартакиадасында Ош мамлекеттик университетинин командасы спорттун бир катар түрлөрү боюнча байгелүү орундарды багындырды.
Окуу жайдын өкүлдөрү командалык жана жеке таймаштарда жогорку даярдыгын көрсөтүп, төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти:
Спартакиада жогорку окуу жайларынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ошондой эле жамааттар ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында өткөрүлдү.
Ош мамлекеттик университетинин командасын мелдешке кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров жетектеп барды. Ошондой эле окуу жайдын жетекчилиги жана кесиптик бирлик тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлдү.