ОшМУда ЖРТда жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөр  жана мугалимдер сыйланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ЖРТда жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөр  жана мугалимдер сыйланды

Image

Бүгүн, 29-июнда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков университеттин карамагындагы мектептердин Жалпы республикалык тесттен (ЖРТ) жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөрүнө  жана алардын мугалимдерине акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды.

Сыйлоо аземинде ректор Кудайберди Кожобеков окуучуларды жана алардын мугалимдерин жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындай жыйынтыктар талыкпаган эмгектин, сапаттуу билим берүүнүн жана максаттуу даярдыктын жемиши экенин белгиледи. Ал окуучуларга алдыдагы жогорку билим алуу жолунда ийгиликтерди каалап, мугалимдерге өсүп келе жаткан муунга сапаттуу билим жана тарбия бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул жылы окуу жайдын  үч мектебин жалпысынан 108 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ичинен Кара-Суу гимназиясынын бүтүрүүчүсү Гүлпери Жуматаева 2026-жылдагы Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгында 234 упай топтоп, өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн катарына кирди. Натыйжада ал «Алтын сертификат» алуу  укугуна ээ болду.

Мындан тышкары  ОшМУнун Билим лицейи  быйылкы ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 100 пайызы жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн белгиленген босого баллдан ийгиликтүү өтүштү. 

 


 

Фото галерея