Жаңы кабыл алынган 1-курс студенттерин окуу жайдын чөйрөсүнө көнүктүрүүгө багытталган адаптациялык жумалык өтүп жатат.
Аларга окуу процессинин уюштурулушу, ички тартип, академиялык саясат жана билимди баалоо системасы боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө. Ошондой эле электрондук платформаларды, санариптик ресурстарды колдонуу жолдору көрсөтүлүп жатат.
Жумалыктын алкагында студенттер ОшМУнун китепканалары, жатаканалары, студенттик уюмдары менен таанышып, коомдук-маданий иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышат. Мындан тышкары ар бир институт, факультет жана коллеждин түзүмү, жетекчилиги, окутуучулары жана кураторлору менен таанышуу уюштурулууда.
Адаптациялык жумалык жаңы кабыл алынган студенттерге окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрүн таанып, студенттик жашоого тез арада аралашуусуна шарт түзүү максатын көздөйт.