Майрамбек Тентимишов Ош мамлекеттик университетинин Курулуш коллежинин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка окуу иштери боюнча проректор Замирбек Божонов тааныштырды. Ал коллеждин алдында турган негизги милдеттерге токтолуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу процессин натыйжалуу уюштуруу жана жамаат менен биргеликте иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле жаңы жетекчиге кызматында ийгиликтерди каалады.
Майрамбек Тентимишов 2005–2016-жылдары Ош агрардык-экономикалык институтунда билим алып, финансист-экономист адистигине ээ болгон. Эмгек жолунда бир катар жетекчилик кызматтарда иштеп, башкаруу жана уюштуруу багытында тажрыйба топтогон.
Курулуш коллеждин 2021-жылдан бери Нурлан Чомоев жетектеп келген.