Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков атындагы стипендияга сынак жарыяланды.
Стипендиянын байге фонду 100 000 сомду түзөт.
Сынакка катышуу үчүн студенттер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
Сынакка катышууну каалагандыгы тууралуу арыз;
Семестрлерде топтогон баалары жөнүндө тактама (транскрипт);
Чыгармачылык жетишкендиктерин тастыктаган портфолио (документтердин көчүрмөлөрү, фотолор болушу керек);
Мотивациялык эссе (300 сөздөн ашпоого тийиш). Эсседе «Мен эмне үчүн бул стипендияга татыктуумун?» деген суроого жооп берилиши зарыл;
Институттун директорунун же факультеттин деканынын сунуштамасы.
Сынак ар бир институтта жана факультетте өткөрүлүп, жеңүүчү студент университетке сунушталат. Сынакка катышуу үчүн институттун же факультеттин сунуштама каты талап кылынат.
Документтер 7-ноябрга чейин кабыл алынат.
Документтерди ОшМУнун башкы корпусунун 121-кабинетине тапшыруу керек.
Кошумча маалымат алуу үчүн ОшМУнун башкы корпусунун 121-кабинетине кайрылсаңыздар болот.