ОшМУ Ханбат улуттук университети менен кызматташтыгын бекемдейт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Ханбат улуттук университети менен кызматташтыгын бекемдейт

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  Түштүк Кореянын Ханбат улуттук университетинин ректору, профессор Чой Бён Вук менен кызматташуу меморандумуна  кол койду.

Өнөктөш эки окуу жай ортосунда бир топ убакыттан бери кызматташуу алакалары жүрүп келе жактандыгы айтылып, келечекте кош дипломдуулук, биргелешкен билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүк, илимий кызматташтыктар боюнча сөз болду.

Эки окуу жай 2020 –жылдын май айында онлайн форматта кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.  Академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташтыктар жанданып 2 жыл аралыгында ОшМУнун чыгыш таануу багытында билим алган 12 студенти Ханбат улуттук университетинен 6 айлык, 1 жылдык мөөнөттө мобилдүүлүктөн өтүп келишкен. Учурда дагы 5 студент документтерин даярдашууда.

Ханбат улуттук университети Түштүк Кореядагы ЖОЖдордун ТОП-10дугуна кирген алдынкы университет.

Мындай кызматташтыктардын ишке ашуусуна ОшМУнун Бизнес жана мененджмент факультетинин бүтүрүүчүсү Нурсултан Алтыбаевдин салымы чоң. Ал  Ханбат улуттук университетинин бакалавр, магистрлик программаларын аяктаган, учурда Түштүк Кореянын ЖОЖдоруна окууга жөнөтүүчү атайын окуу борборунун жетектейт.

Иш-чара Билим берүү жана илим министлигинде өткөн жыйындын алкагында өттү.

 

Фото галерея