Ректор “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээлерин куттуктады

Башкы Жаңылыктар

Ректор “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын ээлерин куттуктады

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков 8-июлда “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон окуучуларды кабыл алып, куттуктап, белек тапшырды. Окууларына ийгилик каалап, келечекте ата-энелери, окуткан мугалимдери, жалпы эл-журт сыймыктанган мыкты адис болуусуна тилектеш экендигин билдирди.

"Алтын тамганын" ээлери ОшМУнун "Билим" лицейинин окуучусу Нурия Байитова жана  "Кара-Суу" гимназиясынын окуучусу Гулиза Нургазы кызы.

Окуучулар жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) да жогорку упай алышкан.  Нурия Байитованын негизги тести -206 балл, кошумча химиядан- 94, биологиядан-90, метематикадан- 94, тарыхтан- 105, англис тилинен -113 балл алган. Ал эми Гулиза Нургазы кызынын негизги тести- 201, кошумча химиядан-98, биологиядан – 102, математикадан – 98 баллга ээ болгон.

Гулиза Нургазы кызынын апасы Ханифа Туйчиева да жалпы ОшМУнун жамаатына, жетекчилигине, окуткан агай-эжекелерине ыраазычылыгын айтты.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык 2022-2023-окуу жылында “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон абитуриенттер жогорку окуу жайларына конкурстан тышкары гранттык орундарга катышуучулардын тизмесине кирди.

Быйылкы окуу жылында “Билим" лицейин аяктаган 51 окуучунун ЖРТдан алган жалпы орточо баллы 160 баллды түзсө, "Кара-Суу" гимназиясын аяктаган жалпы 23 окуучунун ЖРТдан алган орточо баллы 152 баллды түздү.

 

Фото галерея