ОшМУ өзгөчө статус берилген 5 ЖОЖдун катарына кирди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ өзгөчө статус берилген 5 ЖОЖдун катарына кирди

Image

Мындай маалымат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги отурумунан соң маалым болду.

Отурумда жогорку окуу жайларын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясын реформалоо маселелери талкууланган.

Атап айтканда, өлкөнүн 5 жогорку окуу жайларына өзгөчө статус берүү маселеси каралды.

Ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын илимий-изилдөө институттарын реформалоо жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, илимди каржылоону мыйзам тарабынан талап кылынган ички дүң өнүмдүн 1% га жеткирүү маселелерин талкуулашты.

Үч сааттык талкуудан кийин Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин мүчөлөрү жогорку билим берүүнү жана илимди реформалоо пландарынын концепцияларын жактырышты.

Өзгөчө статуска ээ болгон окуу жайлар төмөнкүлөр:

1.Кыргыз улуттук университети;

2.Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;

3.Кыргыз агрардык академиясы;

4.Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;

5.Ош мамлекеттик университети.

Маалымат булагы: https://www.gov.kg/ky/post/s/21620-ilim-innovatsiyalar-zhana-zhay-tekhnologiyalar-boyuncha-keeshtin-oturumu-tt