ОшМУ маалыматтык технологиялар тармагында билим берүүнү өнүктүрүү үчүн DEVX IT-SCHOOL МЕНЕН биргеликте түзүлгөн консорциумга кирди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ маалыматтык технологиялар тармагында билим берүүнү өнүктүрүү үчүн DEVX IT-SCHOOL МЕНЕН биргеликте түзүлгөн консорциумга кирди

Image

Аталган консорциумда ОшМУдан сырткары өлкөбүздөгү алты жогорку окуу жайы бар. 

Консорциумдун түзүлүшүнө карата Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакытбек Аманбаев, АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, Жогорку технологиялар паркынын директору Чубак Темиров, Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрагасы Андрей Гуринов жана ЖОЖдордун ректорлору 12-июлда онлайн жана оффлайн форматында жолугушту. 


“IT тармагын Кыргызстандагы стратегиялык тармактардын бирине айлантуу боюнча мамлекет тарабынан өзгөчө кадамдар ташталат. Чет тилдерин үйрөнүү жана IT тармагын өнүктүрүү биздин билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыттарынан болмокчу. Бул жааттагы пландарды ишке ашырууда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эч кандай бюрократия болбойт”, - деди Алмазбек Бейшеналиев.


Маалымат булагы: https://edu.gov.kg/posts/656/