“Алтайдан – Чоң-Алайга” аттуу эл аралык этнографиялык экспедициянын курамы ОшМУ менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

“Алтайдан – Чоң-Алайга” аттуу эл аралык этнографиялык экспедициянын курамы ОшМУ менен таанышты

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков “Алтайдан – Чоң-Алайга ” аттуу эл аралык этнографиялык экспедициянын курамы менен жолугуп, пикир алышты. Аталган экспедиция 14-июлдан 22-июлга чейин изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөө иштерин алып барууга ОшМУ каржылык жактан колдоо көрсөткөн. Этнографиялык экспедицияга Алтай мамлекеттик университетинен, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, КРнын Улуттук илимдер академиясынан, ОшМУдан,  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, Кыргыз медициналык академиясынан окумуштуулар катышкан.

Жолугушууда окумуштуулар экспедициянын жыйынтыгы, жетишкендиктери жөнүндө маалымат беришти. Окуу жай жетекчиси ОшМУдагы болуп жаткан, келечекте боло турган иш-пландары менен тааныштырып өттү.

“Баалуу материалдык жана материалдык эмес мурастарды изилдөө, аларды чогултуу, сактоо, калыбына келтирүү иштерин алып бардык. Архаикалык материалдар кийим-кече, устачылык, токуучулук, медицина, үрп-адат, ырым-жырым, каада-салтка тиешелүү баалуу талаа материалдарын чогултуп келдик. Чон-Алайдын Кара-Тейит, Кара-Мык, Чак, Жаш-Тилек, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Сары-Могол айылдарын, андагы элдик музейлерди көрдүк. Андан тышкары Чолок-Кайың жайлоосунда да болдук. Чоң-Алай Кыргызстандын эң алыскы аймагы, анда салттуу маданият, башка аймактарда ансыз да жок болуп бара жаткан үрп-адаттар, ырым-жырымдар көбүрөөк сакталган. Бул аймакка акыркы этнографиялык экспедиция 1953-1956-жылдары жүргүзүлгөн”, -деди “Алтайдан – Чоң-Алайга ” аттуу эл аралык этнографиялык экспедициянын жетекчиси  Тажыбай Айтбаев.

Фото галерея