ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУНУН ЖАҢЫ ТАРТИБИ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Башкы Жаңылыктар

ЖОЖдорго КАБЫЛ АЛУУНУН ЖАҢЫ ТАРТИБИ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Image

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы №355 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому күчүнө кирди.

Токтомдо КРнын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартиби, КРнын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жобо, абитyриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо бекитилген.

Жогорку окуу жайлар жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окутуу үчүн жарандарды кабыл алууну лицензия бар болгондо гана жарыялайт.

Абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт: жайкы жана кышкы мезгилдерде. ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу окутуунун наркын төлөө келишимдери боюнча орундарга, ЖОЖдун кароосу менен жайкы кабыл алуудан кийин бош калган орундар үчүн жүргүзүлөт.

Уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт.

https://edu.gov.kg/posts/688/