Орус кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билим берүүдө кызматташтыктарды кеңейтүүгө салым кошот

Башкы Жаңылыктар

Орус кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билим берүүдө кызматташтыктарды кеңейтүүгө салым кошот

Image

Орус кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Альберт Зулхарнеев, өкүлчүлүктүн билим берүү программаларынын куратору  Ирина Царева, Орус үйүнүн Ош шаарындагы өкүлү Светлана Бучнева ОшМУда болду.

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушууда Орусиянын жогорку окуу жайлары менен ОшМУнун кош дипломдуулук программалары, эки тараптуу келишимдери боюнча сөз болду.  

 Орус кызматташтыгынын Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү ОшМУ мүчө болуп саналган Орус-Кыргыз техникалык университеттердин консорциуму аркылуу квоталарды алууга колдоо көрсөтө тургандыктарын белгиледи. Андан сырткары ОшМУнун Орусиядагы жогорку окуу жайлар менен болгон кызматташтыгын кеңейтүүгө салым кошорун айтышты.

ОшМУ учурда Орусиянын 70тен ашуун ЖОЖдору менен эки тараптуу кызматташып келет. Анын ичинен  8 жогорку окуу жай менен 23 багыт боюнча кош дипломдуулук программасына кол койгон.

Фото галерея