“ОшМУ-Университет" клубунун эки оюнчусу волейбол боюнча Борбор Азиянын чакырык кубогунда мыкты оюн көрсөттү

Башкы Жаңылыктар

“ОшМУ-Университет" клубунун эки оюнчусу волейбол боюнча Борбор Азиянын чакырык кубогунда мыкты оюн көрсөттү

Image

Кыргызстандын курамасы волейбол боюнча Борбор Азиянын чакырык кубогун жеңип алды.

Аталган мелдеште ОшМУнун "ОшМУ-Университет" клубундагы эки оюнчу Өмүрбек Жунусов жана Нурбек Кожомбердиев мыкты оюн көрсөттү. "ОшМУ-Университет" клубунун капитаны Өмүр Жунусов кубокто “Мыкты чабуулчу” деп табылды.

 Спортчуларды ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кабыл алып, дайыма окуу жайдын, өлкөнүн намысын бийик көтөргөн спортчулардын катарында болуусуна тилектештигин билдирди жана акчалай сыйлык тапшырды.  Өмүрбек Жунусов ОшМУнун Дене тарбия факультетинин окутуучусу, Нурбек Кожомбердиев аталган факультеттин студенти, ал Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасына жаңыдан кошулду.  

Волейбол боюнча Борбор Азиянын чакырык кубогу 23-27-июль күндөрү  Бишкек шаарында өтүп, анда Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары күч сынашкан.

Фото галерея