ОшМУда “Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы” деген аталыштагы эл аралык конференция өтөт

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы” деген аталыштагы эл аралык конференция өтөт

Image

Кыргыз  эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев 30-июлда ОшМУда болду. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов менен болгон жолугушууда 2022-жылдын 27-августунда өтүүчү «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалы боюнча пикир алышты. Этно-фольклордук фестивалдын алкагында ОшМУда “Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы” деген аталыштагы эл аралык конференция орун алары айтылып, конференцияга карата алдын-ала даярдыктар боюнча маселелер талкууланды.

Аталган иш-чарага бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, дүйнөлүк уюмдардан өкүлдөр, Түркия мамлекетинин маданият министринин орун басары, Түркиянын дин иштери боюнча министри, окумуштуу, аалымдардын катышуусу күтүлүүдө.

 «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалы жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында быйыл экинчи ирет уюштурулуп жатат.

 

 

Фото галерея