Чет жакта жашаган этникалык кыргыздарга бюджеттик орундар берилди

Башкы Жаңылыктар

Чет жакта жашаган этникалык кыргыздарга бюджеттик орундар берилди

Image

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жождорунда чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлгөн.

Бюджеттик орундар төмөндөгүдөй тартипте бөлүнгөн: 

Түркия Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 10 квота,

Кытай Эл Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 5 квота,

Казакстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 5 квота,

Өзбекстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 30 квота,

Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга 25 квота

https://edu.gov.kg/posts/731/