ОшМУнун студенти CAFA U-19 Championship турниринде гол жаратты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти CAFA U-19 Championship турниринде гол жаратты

Image

Жаштар курама командалары арасында футбол боюнча эл аралык турнир Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) кечээ 5-августта башталды. 
CAFA U-19 Championship турниринде 5 команда - Ооганстан, Кыргызстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын  командалары ойноп жатат.
5-августтагы 1-турдук беттеште КР Жаштар курама командасы Ооганстандын курама командасы менен беттешип 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. 
Алгачкы 3 упайды алып келген голду ОшМУнун  футбол курама командасынын оюнчусу,  дене тарбия факультетинин студенти Иррахимбек Нурмат уулу киргизди. Оюндун жыйынтыгында Иррахимбек Нурмат уулу эң мыкты оюнчу деп табылды.
Иррахимбек Нурмат уулу буга чейин КРдин жогорку лигадагы  ЖОЖдору аралык Универсиадада байгелүү орундун ээси, студенттик чемпионаттын вице чемпиону.

Фото галерея