Профессор Байыш Араповду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Башкы Жаңылыктар

Профессор Байыш Араповду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Image

Бүгүн, 22-августта Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Россиянын табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Байыш Араповду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу митингинде ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов,  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев,Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев,  Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов, Ош шаарынынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, окуу жайдын ардагерлери, кесиптештери, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын жетекчилери,  маркумдун жакын санаалаштары, шакирттери, кесиптештери Байыш Араповдун өмүр жолу, билим берүү, илим жаатында жасаган ишмердүүлүгү, адамгерчилиги тууралуу айтып эскеришти.

Байыш Арапов 1942-жылы Баткен облусунун Самаркандек айылында жарык дүйнөгө келген. 1959–жылы Баткен районундагы Ленин атындагы орто мектебин, 1964-жылы Ош педагогикалык институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Ош педагогикалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчы, физика-математика факультетинин деканы, Фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр институтунун директору, ОшТУнун кечки жана сырттан окуу бөлүмүнүн проректору, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору болуп эмгектенген. 2007-2021-жылдары ОшМУнун физика–техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы болуп үзүрлүү эмгектенди. 

Илимий изилдөөлөрдүн үстүндөгү эмгегинин  натыйжасында 5 монография жана 200дөн ашык илимий макалалардын автору болууга жетишкен. Профессор Б.Арапов 7 автордук күбөлүктүн жана 6 патенттин автору эле. Ал “Конденсацияланган материалдардын физикасы” аттуу илимий мектептин негиздөөчүсү.

4 илимдин докторун жана 8 илимдин кандидатын даярдап, докторанттарга, аспиранттарга, магистранттарга жана студенттерге илимий квалификациялык  иштерин жетектөөгө кеп-кенештерин берип келген.

Үй-бүлөдө 1 уул, 3 кызга татыктуу тарбия  берген камкор ата, 11 небере, 3 чеберенин сүйүктүү чоң ата, таятасы эле.

 

Фото галерея