Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы

Башкы Жаңылыктар

Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы

Image

Бүгүн Өзгөн шаарында өтүүчү «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалдын алкагында ОшМУда “Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы” аталышындагы эл аралык конференция башталды.

Аталган иш-чарага КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бийлик өкүлдөрү, Түрксой Эл аралык Түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Евразия жазуучулар союзунун башчысы Якуб Өмероглу, Памуккале университетинин ректору Ахмет Кутлухан, ректор Кудайберди Кожобеков, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, дүйнөлүк уюмдардан өкүлдөр, окумуштуу, аалымдар катышууда.

Эл аралык жыйында ОшМУ Түрксой Эл аралык Түрк маданияты уюму жана Памуккале университети менен кызматташуу келишимине кол койот.

«Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалы жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында быйыл экинчи ирет уюштурулуп жатат.

Фото галерея