Журналист Мухаммед Рузубай ОшМУда болду

Башкы Жаңылыктар

Журналист Мухаммед Рузубай ОшМУда болду

Image

Түркиялык журналист, Түркия өкмөтүнүн Анадолудагы пресс-катчысы, “Бизнес Түрк” журналынын башкы редактору, эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Оогандык кыргыз Мухаммед Рузубай ОшМУда болуп, окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында Мухаммед Рузубай өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгү боюнча айтып, учурда тарыхый окуяларды изилдөө багытында жасалып жаткан иштери менен тааныштырды. ОшМУнун тарыхчы окумуштуулары менен биргеликте изилдөөлөрдү алып барууга кызыктар экендигин билдирди.

Мухаммед Рузубай «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклордук фестивалына келген коноктордун катарында. Ал фестивалдын алкагында ОшМУда өткөн “Байыркы Өзгөн жана Имам Серахси мурасы” аталышындагы эл аралык конференцияга да катышты.

Журналист Мухаммед Рузубай конференцияга активдүү катышкандыгы жана алакаларды чыңдоого кошкон салымы үчүн   ОшМУнун,  Памуккале университетинин жана  Түрксой Эл аралык Түрк маданияты уюмунун  сертификаты менен сыйланды.

Фото галерея