ОшМУнун кызматкери Азиянын чакырык кубогунун чемпиону

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкери Азиянын чакырык кубогунун чемпиону

Image

"ОшМУ-УНИВЕРСИТЕТ" волейбол клубунун капитаны Өмүрбек Жунусов Азиянын чакырык кубогун утуп,  “Эң мыкты диагональ оюнчу” деп табылды. Азиянын чакырык кубогу Чолпон-Ата шаарында өтүп,  ага 7 команда катышты. 
Волейбол боюнча кыргыз курамасы финалда Сауд Арабиянын командасын жеңип алышты. Биздин оюнчулар алгачкы эки  партияда утулуп, бирок кийинки үч оюнда жеңишке жетип, акыркы эсеп 3:2 менен жеңүүчү болду. Беттеште экинчи орунду Сауд Арабия ал эми үчүнчү орунду Өзбекстандын курама командасы ээледи. 
Өмүрбек Жунусов 3 жылдан бери Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасында ойноп келет. Учурда ал ОшМУнун медициналык колледжинде окутуучу болуп эмгектенет. Мындан сырткары "ОшМУ-УНИВЕРСИТЕТ" волейбол клубунун капитаны, спорт чебери.

Фото галерея