Испаниянын Кадис университетинен келген делегация ОшМУда

Башкы Жаңылыктар

Испаниянын Кадис университетинен келген делегация ОшМУда

Image

Делегациянын курамында Кадис университетинин интернационалдаштыруу боюнча проректору Рафаэль Хименес, тил саясаты боюнча башкы директору Хавьер де Кос, Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча эл аралык университеттик борбордун жетекчиси Андрес Сантана бар.

Делегация ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин директору Дилмурат Турсунов жана аталган жогорку мектептин америкалык жана европалык интеграция бөлүмүнүн бөлүм башчысы, программа жетекчилери менен жолугушту.

Буга чейин  макулдашылган биргелешкен PhD программаларын ишке ашыруу, окумуштуулар үчүн стажировкаларды уюштуруу, диссертацияларга биргелешип  жетекчилик кылуу, бакалавр, магистратура, тил үйрөтүү программалары, ОшМУнун базасында ачылып жаткан Кыргыз-Испан борбору тууралуу пикир алышты.

Делегация ОшМУда 3 күн болот. Бул аралыкта окуу жайдын структуралары менен таанышып, конок лекцияларды өтүшөт. Ал эми 7-сентябрда Кыргыз-Испан борборунун ачылышына да катышат.

Учурда ОшМУнун Эл аралык билим берүүнүн жогорку мектебинин америкалык жана европалык интеграция бөлүмүндө испан тили 1-2-курста милдеттүү түрдө окутулуп келет. Студенттер 3-курстан тартып "Эразмус+" программасына катышып башташат. ОшМУда испан тили борбору да бар.

ОшМУ Кадис университети менен "Эразмус+" программасындагы эл аралык кредиттик мобилдүүлүк багытында 2011-жылдан бери кызматташып келет.

Фото галерея