Педиатрия кафедрасында студенттер практикалык билимин тереңдетет

Башкы Жаңылыктар

Педиатрия кафедрасында студенттер практикалык билимин тереңдетет

Image

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында ОшМУнун медицина факультетинин педиатрия 1 кафедрасы ачылды. Саамалыкка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректорат жамааты, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору Равшан Маметов,  Медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Педиатрия 1 кафедрасы  тогуз окуу каанасынан жана бир симуляциялык  каанадан турат. Бул кафедра педиатрия адистигинде билим алып жаткан студенттердин  сапаттуу, теориядан  практикага багытталган билим алышына шарт түзүү максатын көздөйт. Буга чейин аталган кафедра облустук балдар ооруканасынын жер төлөсүндө орун алып келген. Эми студенттер жарык, стандарттарга жооп берген, заманбап материалдык-техникалык жаблуулар менен камсыздалган жерде практикалык билимдерин тереңдетишет.

Кафедранын тарыхы 1999-жылдан башталат. Учурда 17 окутуучу эмгектенет, алардын 80 пайызы саламаттыкты сактоонун жана билим берүүнүн мыктылары.  Кафедраны КРдин эмгек сиңирген дарыгери, м.и.к., доцент, педиатрия боюнча жогорку категориядагы дарыгер Замира Нуруева жетектейт.

Фото галерея