Жанболот Турсунбаев ОшТУга ректор болуп дайындалды

Башкы Жаңылыктар

Жанболот Турсунбаев ОшТУга ректор болуп дайындалды

Image

М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин ректордук кызматына техника илимдеринин кандидаты, доцент Турсунбаев Жанболот Жанышович дайындалды.
Ректорду жамаат менен Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тааныштырды.
Жанболот Турсунбаев 1994-жылы Кыргыз архитектура жана курулуш институтун аяктаган. 
1995-1997-жылдары ОшТУнун автомобиль транспорту кафедрасында лаборант болуп эмгек жолун баштаган.
1998-жылы ОшТУнун кайра жаңылануучу энергияга негизделген электр станциялары адистиги боюнча күндүзгү аспирантурага тапшырган.
2003-2009-жылдары ОшМУнун электр менен жабдуу жана автомобиль транспорту кафедрасында доцент, ОшМУнун физика-техникалык факультетинин окуу иштери боюнча деканынын орун басары;
2005-жылы калыбына келтирилүүчү энергия булактары боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
2009-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын ноябрь айына чейин Физика-техникалык факультетинин автомобиль транспорту кафедрасынын башчысы;
2018-жылдын январь айынан 2018-жылдын август айына чейин физика-техникалык факультетинин деканынын милдетин аткаруучу;
2019-жылдын ноябрь айынан баштап ОшМУнун өнүктүрүү жана инвестиция департаментинин директору;
2021-жылдын январь айынан бери ОшМУнун инвестициялар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору кызматын аркалап келген. Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын мүчө-корреспонденти.
Турсунбаев Жанболот Жанышовичти жаңы кызмат ордуна дайындалышы менен Ош мамлекеттик университетинин  жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз. Жаңы башталып жаткан ишиңизди ийгиликтер коштосун.

Фото галерея