Ректорлордун дүйнөлүк форуму эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга өбөлгө түзөт

Башкы Жаңылыктар

Ректорлордун дүйнөлүк форуму эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга өбөлгө түзөт

Image

 

 

2022-жылдын 12-сентябрында Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” Кыргыз Улуттук маалымат агенттигинде ректорлордун Дүйнөлүк Форуму тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Маалымат жыйынга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, КРдин Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык Академиянын ректору Чинара Адамкулова катышты.

Бишкекте 2022-жылдын 14-15-сентябрь күндөрү “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аттуу ректорлордун Дүйнөлүк Форуму өтөт.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу форум изилдөөлөрдүн жана инновациялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ЖОЖдордун тажрыйба алмашуусуна негиз болорун билдирди.

Ошондой эле министрдин орун басары Кыргызстандын 5 университетине өзгөчө статус берилгенин айтып, бул форум ЖОЖдордун өз алдынчалуулукту кандай пайдаланып жатканы боюнча тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Чынара Адамкулова форумдун максатына токтолуп, ЖОЖдордо стартаптар жана экосистемалар эмне үчүн керек экендигин айтты:

“Университеттерде экосистеманы, стартаптарды түзүү окууну реалдуу практикалык турмушка жакындатат. Стартаптарды түзүүдө ар бир жогорку окуу жай өзүнүн күчтүү жактарын аныктоого көңүл бурушу керек”, - деди Адамкулова.

Ал эми Мирлан Чыныбаев бизнес-инкубаторлорду уюштуруу практикасы жөнүндө айтып бере турган ЖОЖдордон кесиптештер келерин айтты.

“Бул биз үчүн университеттер менен кызматташууга жакшы мүмкүнчүлүк... Биз бир катар ЖОЖдор менен келишим түзүүгө даярданып жатабыз”, - деп билдирди ал.

Форумдун катышуучулары жаштардын илимий-техникалык потенциалын ишке ашыруу, ЖОЖдордун интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу, изилдөө жана билим берүү кызматтарын көбөйтүү үчүн илимий мектептерди уюштуруу жолдорун талкуулашат.

Кошумчалай кетсек, 11-сентябрдан баштап форумдун катышуучулары келе баштады. Форумга дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 100дөн ашуун коноктордун келиши күтүлүүдө.

Фото галерея