Ректорлордун дүйнөлүк форуму 

Башкы Жаңылыктар

Ректорлордун дүйнөлүк форуму 

Image

Бүгүн Бишкекте “Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу” аталышындагы Ректорлордун Дүйнөлүк Форуму өтүп жатат. 
Ага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков да катышууда. Мында  дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн келген жогорку окуу жайлардын ректорлору университеттердин илимий жана инновациялык ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатууну, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууну жана технологияларды өткөрүп берүү ыкмаларын талкуулашууда.
Ректорлордун дүйнөлүк форумуна министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышып, баяндама жасады 
А. Жапаров "Ош мамлекеттик университети өлкө экономикасынын негизи болуп кала турган миңдеген ишкананын уясы болоруна" ишеним артты.
Ошондой эле, билимди экспорттоо – бул эркиндикти сүйгөн адамдардын экспорту. Кыргыз Республикасы аймактагы билим берүү кластери боло алат, бул эркин ой жүгүртүүчү коомдун экосистемасында мүмкүн экендигин кошумчалады.

Фото галерея