ОшМУнун психологдору зордук-зомбулукка каршы иш-аракеттерди жүргүзүүдө

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун психологдору зордук-зомбулукка каршы иш-аракеттерди жүргүзүүдө

Image

ОшМУнун Педагогика, психология факультетинин психология кафедрасынын башчысы, Түштүк аймагы боюнча координатору Акчач Жолдошева жана магистр-психолог Ибраимжан уулу  Жумабек Баткен облусунда «Зордук-зомбулуктун психологиялык кесепети, алдын алуу жолдору» деген темада тренинг өтүштү.

Тренингге Кадамжай районунун Халмион, Ноогардан, Алга айыл округунда жайгашкан мектеп директорлору, соцпедагогдору,тарбиялык завучтары, ички иштер мекемесинин, Кадамжай билим берүү мекемесинин өкүлдөрү, ата энелер комитеттери катышышты.  Жыйынтыгында зордук-зомбулукту болтурбоо, алдын-алуу боюнча сунуш, пикирлерди эске алуу менен мультидисциплинардык команда болуп иштөөнүн алгоритми сунушталды.

Фото галерея