Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери менен кызматташтык маселелери талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери менен кызматташтык маселелери талкууланды

Image

24-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода жана Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаев катышкан жолугушуу өттү. 

Иш-чараны ректор Кудайберди Кожобеков ачып, университеттин жетишкендиктери, эл аралык кызматташтыгы тууралуу маалымат берди. Анын маалыматына караганда, ОшМУда учурда 50 миңге жакын студент, магистрант, аспирант жана докторант билим алат. Алардын 10 миңге жакыны чет өлкөлүк студенттер. 

Өзбекстан менен кызматташтыктын алкагында ОшМУ 70 жогорку окуу жай менен өнөктөштүк мамиле түзгөн. Анын негизинде окутуучуларга, студенттерге алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөр, конок лекциялар, академиялык мобилдүүлүк программалары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле өзбек тили жана маданиятынын, Өзбекстандын жогорку окуу жайларында кыргыз тили жана маданиятынын борборлору иш алып барат. 

Тажикстан менен кызматташтык боюнча ОшМУ жети жогорку окуу жай менен өнөктөштүк мамиледе. Тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык конференцияларга катышып, диссертацияларды даярдоо, билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу багытында иш алып барышат. 

Ал эми Азербайжан менен кызматташтык академиялык мобилдүүлүк, илимий изилдөөлөр жана студенттерди алмашуу багыттарында өнүгүүдө. ОшМУ аталган өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайлары, анын ичинде Азербайжан мамлекеттик экономикалык университети (UNEC), Баку Евразия университети менен кызматташат.

Жолугушууда элчилер чет өлкөлөрдөн ОшМУга келип билим алып жаткан студенттер, эл аралык мамилелер адистигинде окуган студенттер менен баарлашты. Алар билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча суроолорго жооп беришти. Мындан тышкары үч өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн колдоосу менен билим берүү, илим жана гуманитардык багыттардагы байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү боюнча пикирлер айтылды.

 

 

Фото галерея