Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил

Башкы Жаңылыктар

Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил

Image

23-сентябрь Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата ОшМУда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын “Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил” аттуу студенттер арасындагы долбоорлор сынагы өттү.
Сынакта студенттер өздөрүнүн стартап долбоорлорун презентациялашты. Ага ылайык ОшМУдан 3, ОшТУдан 3 жана Ош КУУдан 3 стартап долбоорлор сунушталды.
Аталган долбоорлордо мамлекеттик тилди окутуунун методологиясы, санариптештирүүдөгү мамлекеттик тилдин орду жана кыргыз тилинде иштелген IT программалары камтылган.
Иш-чарага  ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, Ош шаардык  социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, окутуучулар жана студенттер катышты.
Жыйынтыгында, 1- орунга ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Айдай Чилаеванын «Робот официант» долбоору, 2-орунга ОшТУнун студенти Бектур Анарбаевнын «Мамлекеттик тил жана ааламдашуу» долбоору, 3-орунга Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучусу Бегай Байиеванын «Инновациялык технологияларды колдонуу менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү» долбоору ээ болду.
Мыкты долбоор ээлерине 23-сентябрда Ош шаардык мэриясында өтө турган иш-чарада белектер тапшырылат.
Университетте да Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата 3 айлык жарыяланып, иш-чаралар уюштурулууда.
Ал эми 14-сентябрда ОшМУнун базасында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын “Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча инновациялык усулдуктардын көргөзмөсү” болуп өттү.

Фото галерея