Психологдор кадимки жана онлайн форматта кеңеш берүүнү баштады

Башкы Жаңылыктар

Психологдор кадимки жана онлайн форматта кеңеш берүүнү баштады

Image

Баткен районунун Тажикистан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып келген жарандар ОшМУ тарабынан даярдалган жатаканаларга жайгаштырылууда. Окуу жайда  психолог жана медицина кызматкерлеринен мобилдүү тобу түзүлгөн. Учурда психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошова баштаган кафедранын практик психологдору, магистр, дипломдуу психологдор жана студенттерден турган топ жатаканаларга жайгашкан үй-бүлөлөргө, жаш балдарга биринчи психологиялык жардам берүү максатында жөнөп кетишти.

Психологдор Ош шаардык мэриясынын алдындагы көп тармактуу үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүү борборунун директору Наргиза Ештаева баштаган топ менен биргеликте иш алып барууда.

ОшМУнун психолог окутуучу жана студенттеринен турган экинчи топ окуу жайдын башкы имаратында онлайн кеңеш берүүнү баштады.  Онлайн кеңеш берүү кызматынан пайдалануу үчүн төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот.

Байланыш номерлер:

0557480403

0707 490 715

0778933685

0706609882

0559007581

0772444432

0701290808

Фото галерея